• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер-министр Тоңдогу авариялык абалдагы жана курулуп жаткан мектептер менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 12.10.17 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Тоң районунун Оттук айылындагы мектептин абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, мектеп авариялык абалда турат. Райондун акими Таалайбек Ажиевдин айтымында, мектептин башкы көйгөйү – бул нымдуулук. Айрым кабинеттердин шыбы түшүп калуу абалында турат.

“Жаңы мектеп куруу керек. Мындан алыс эмес жерде 2 гектар жер бар, ошол жерге курууга болот. Бирок анда жерди трансформациялоого туура келет”, - деди аким.

Өз кезегинде өкмөт башчы жерди трансформациялоо маселеси чечилерин билдирди. “Өзүңүз билгендей, социалдык объектилер үчүн биз муну жасай алабыз”, - деди ал.

Авариялык мектепте 460 бала окуйт.

Мындан тышкары, Сапар Исаков Бөкөнбаев айылындагы мектептин курулушу менен таанышты. Сметанын баасы 59,6 млн сом. 2016-жылы 14,2 млн сом, 2017-жылы – 8 млн сом каржыланган.

Жалданма жумушчулар премьерге Каржы министрлиги каражатты убагында бөлбөй жатышканын жана курулуш бүгүнкү күнү курулуш фирмасынын эсебинен жүрүп жатканын айтып даттанышты. Сапар Исаков каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковго бул маселени чечүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле, премьер Бөкөнбаев айылындагы жолдун курулушун текшерди. Жолдун жалпы узундугу 54 чакырым, анын 4,2 км асфальтталган. Ал эми 2017-жылы дагы 3 км жол оңдолгон.

Пикир

Оставить комментарий