• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев туристтик бизнес үчүн жеңилдетилген насыяларды киргизүүнү сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өкмөттүн жыйынында туристтик бизнес үчүн жеңилдетилген насыяларды киргизүүнү сунуштады.

Анын айтуусунда, Кыргызстанда туризмдин өнүгүүсүнө абдан аз көңүл бурулууда. Бул чөйрөгө бюджеттен болгону 110 млн.сом бөлүнөт. Бул абалды оңдоо керек.

“Мисалы, эгер Ысык-Көлдө ишкерлердин бири мейманкана, кафе, пансионат жана башка ишкана курам десе, ага жеңилдетилген насыяларды берүү керек. Тактап айтканда, ишкер биринчи өзүнүн бизнесин көтөрүп бир нукка салып алгандан кийин, акчаны кайтарып бергендей болуп. Бирок мунун баардыгы кошумча жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү деген убада менен болуш керек”, - деп сунуштайт премьер-министр.

Абылгазиев Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго туризм чөйрөсүндө саясатты жана программаларды иштеп чыгууну тапшырган.

Андан тышкары өкмөт башчы Бишкек-Кара-Балта жолунда поезд үчүн электрондук станцияларды курууну сунуштады. Бул туристтерге бир шаардан экинчи шаарга оңой жетип алууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий