• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Премьер-министр Улукбек Марипов «Келечек» балдар үйүнө барды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Ош облусундагы Кара-Суу районунун Тельман айылындагы «Келечек» балдар үйүнө барды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, учурда 11 бала (ата-энеси баш тарткан жана тоголок жетимдер) тарбияланып жаткан балдар үйү 1999-жылы бала бакчанын ордуна негизделген.

Түзүлгөн учурдан тартып мекемени Баян Тулешева жетектеп келет.

«Боорукер жана башкаларга кыйынчылыкта жардамын аябаган жүрөгүңүздөр үчүн сизге ыраазыбыз. Жолдошуңуз менен бирге бул балдарга ата-эне болуп бергениңиздер үчүн рахмат. Бул жакшылыгыңыздар сиздерге сөзсүз түрдө эселеп кайтат. Мында салттуу балдар үйүнө окшош эместиги кубандырат. Бул үйдө көп балалуу үй-бүлө жашаган үй-бүлөлүк бейпилчилик орноп турат», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы өзүнүн атынан балдарга сыналгы, компьютер, оюнчук жана таттууларды белек кылды.

Андан соң премьер-министр Араван районундагы Мангыт айылындагы 50 орундуу ооруканын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Оорукана 10 жылдан ашуун убакыттан бери салынып жатканы менен курулуш эч аяктабай жатат.

Премьер-министр медициналык мекеменин эшигин быйылкы жылы ачууну жана зарыл жабдуулар менен камсыздоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий