• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер-министр жана вице-премьер-министрлердин жарандарды кабыл алуу графиги бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлердин 2018-жылдын 2-жарым жылдыгына карата жарандарды кабыл алуу графиги бекитилди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министриМухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Төмөндө жарандарды кабыл алуу графигин келтиребиз:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - 24-июль, 28-август, 25-сентябрь, 23-октябрь, 27-ноябрь, 25-декабрь - 17.00-19.00;

- Биринчи вице-премьер-министр - 18-июль, 15-август, 19-сентябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, - 19-декабрь - 17.00-19.00;

- Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри - 17-июль, 21-август, 18-сентябрь, 16-октябрь, 20-ноябрь, - 17.00-19.00;

- Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри - 25-июль, 22-август, 26-сентябрь, 24-октябрь, 28-ноябрь, 26-декабрь - 17.00-19.00;

- Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри - 19-июль, 16-август, 20-сентябрь, 18-октябрь, 22-ноябрь, - 17.00-19.00;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр - 26-июль, 23-август, 27-сентябрь, 25-октябрь, 29-ноябрь, 27-декабрь - 17.00-19.00.

Пикир

Оставить комментарий