• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Новиков «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. КР премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында пландаштырылган графиктен тышкары «Кызыл-Бел - Автожол» жана «Кайрагач - Автожол» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган өткөрүү пункттарын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видео көзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган.

Жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин м.а. КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пункттарына толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий