• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Премьер-министр Марипов IT-тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов IT-тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT-тармактын маанилүүлүгүн жана бизнес-тармактын бюджеттин киреше бөлүгүнө - 21 млрд сомдон ашуун киреше салыгы түрүндө жана социалдык чегерүүлөргө 17 млрд сомго жакын каражат суммасындагы салым кошуп жаткандыгын белгиледи, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 15%га көп.

«Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле атамекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70%ы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет. Мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы – мамлекет тараптан кетип жаткан кемчилик десек болот. IT-тармакка тийиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын моюнга алуу керек, бирок биз бул маселе боюнча абалды жана ага карата мамилени өзгөртүүгө ниеттенүүдөбүз. Тактап айтканда, мамлекеттик органдарды санариптештирүү менен алектенген мамлекеттик органдын макамын жогорулатуу пландаштырылууда, жогорку кесипкөй кадрларды ишке тартуу менен бардык министрлик жана ведомстволордо IT жааты боюнча орун басар кызматын киргизүүнү болжоодобуз», – деп билдирди Улукбек Марипов.

Премьер-министр белгилегендей, жакын арада Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлөт, анда санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу тармагындагы учурдагы абал талкууга алынат.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарды оптимизациялоо боюнча иш жүрүүдө. Эми ар бир мамлекеттик орган өз ролун так түшүнүүсү, коммерциялык институттарда ресурстарды кантип туура жана натыйжалуу бөлүштүрүү керектигин түшүнүүсү керек. Биз бүгүнкү күндө Өкмөттүн демилгеси даректүү жана максаттуу мүнөзгө ээ болуусу керектигин так түшүнөбүз. Ошондуктан сиздерди өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды кошууга, биз тараптан сунушталып жаткан реформаларды колдоого алууга чакырабыз. Учурда биз өзгөрүлөргө даярбыз, сунуш бериңиздер, алар четте калбайт», – деп ишендирип кетти Улукбек Марипов ишкерлерге кайрылууда.

Өз кезегинде IT-бизнестин өкүлдөрү өздүрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти, атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашырылбастан калууда.

«Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок болгондуктан, бул жалпысынан санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, эл аралык бизнести тартып, ар кандай демилгелерди тоскоолдукка учураткан бюрократияны, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдары тараптан ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек», – деп билдиришти өз көйгөйлөрүн IT-бизнес тармак өкүлдөрү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө, андан соң баскычтуу түрдө башка актуалдуу маселелерди чечүү убадасын берди.

Пикир

Оставить комментарий