• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер-министрлик кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Паламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлигин карайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-февралда коалициянын жыйыны болуп, анда жаңы министрлер кабинетинин курамын бекитүү маселеси карала тургандыгы маалымдалды.

Улукбек Марипов 2016-жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп келет.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин өкмөт башчылык кызматын тапшырып берген. Андан соң өкмөт отставкага тарап, учурда премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер Артем Новиков аткарып жатат.

Пикир

Оставить комментарий