• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер Москва районундагы мектептин курулушунан кабар алды

Аймак 0

Москва району, 15-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москва районуна караштуу Бала-Айылчы айылындагы Жапаров атындагы мектептин курулушу менен таанышты.

Айыл өкмөтү Асылбек Нурбеков билдиргендей, аталган мектептин курулуш иштери 2014-жылдын аягында башталган. Бирок ал ушул кезге чейин бүтө элек.

Ал курулуш иштеринин токтоп турушунун себеби, каржы булагынын токтоп калышында экендигин белгиледи.

“Курулушка жалпысынан 50 млн сом каралган. Эгер убагында каржы булагы бөлүнүп берилсе, мектеп 1-сентябрга бүтүп калат деп ишенебиз”,- деди айыл өкмөт башчысы.

Белгилей кетсек, аталган мектеп 150 балага ылайыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий