• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Премьер Оттук айылындагы мектеп курууга бөлүнгөн жер тилкесин трансформациялоо маселесин иликтеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тоң районунун Оттук айылындагы 1966-жылы курулган мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев 320 окуучу билим алып жаткан мектептин имараты авариялык абалда экенин билдирди.

Өкмөт башчы окуу класстарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана тиешелүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине тез арада Тоң районунун Оттук айылындагы мектептин имаратын курууга бөлүнгөн жер тилкесин трансформациялоо жана аны келерки жылы курула турган мектептердин тизмесине кошууну тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Шамей Токтобай уулу атындагы орто мектептин курулушун көрдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев мектептин сметалык наркы 57 млн сом турарын жана азыркы тапта 21 млн сом каражат берилгенин билдирди.

Анын айтымында 275 балага ылайыкталган эки кабаттуу мектептин имаратын куруп, ишке киргизүү үчүн каражаттын калган бөлүгүн берүү керек.

Өкмөт башчы каржылоо жана башка керектүү муктаждыктарды бөлүү маселеси чечиле турганын баса белгиледи.

Аны менен бирге Сапар Исаков мектепти курууда өзгөчө анын сапатына жана жасалгалоо иштерин ойдогудай бүткөрүүгө көңүл буруу керектигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий