• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьер: Салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруу артыкчылыктуу багыт

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруу Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«2020-жыл салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууга багытталат. Биз үчүн бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кыла турган салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү камсыздоо маанилүү. Биздин максат – көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана өлкө бюджетинин кирешесин көбөйтүү», - деди премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий