• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьер уюлдук операторлордун кызматтарынын баасын катуу текшерүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабировду кабыл алды.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров өлкөдө бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы, баа түзүү жана монополияга каршы жөнгө салуу саясатын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Атап айтканда, товарларды сатып алууда атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, алардын алдын алуу, монополиялык ишти көзөмөлгө алуу жана кара ниет атаандаштыкка бөгөт коюу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик чараларды ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын буюмдар, жумуштар жана кызматтар боюнча рыноктордун натыйжалуу иштеши, бизнести өнүктүрүү үчүн бирдей конкурстук шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөнүн ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын туура коргоону камсыз кылуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Премьер-министр Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана уюлдук операторлордун тейлөө кызматтарынын баасын катуу текшерүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий