• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Премьер Улукбек Марипов Финансы полициясынын кызматкерлерин куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын кызматкеринин күнү менен куттуктады, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Куттуктоодо төмөнкүдөй деп айтылат:

"Урматтуу финансы полициясы органынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча расмий органдын түзүлгөндүгүнүн 28 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

Ушул мезгил аралыгында Кыргызстандын экономикасында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Кызматтын маңызы жана иштөө ыкмалары өзгөрдү, бирок анын негизги милдети – мамлекеттик бюджетти коргоо жана экономикалык кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү милдети өзгөрүүсүз калды.

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана бизнести коргоо боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон бирден-бир укук коргоо органынын кызматкерлери катары биздин өлкөбүздүн бакубатчылыгы сиздердин иш-аракеттердин натыйжаларынан көз каранды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кызматка чоң үмүттөрдү артат. Финансы полициясынын кызматкерлери коюлган милдеттерди, талаптарды мындан ары да ийгиликтүү, ак ниеттүүлүк менен аткарып, жогорку натыйжаларга жетишип, калктын жана бизнес коомчулугунун бекем ишенимине ээ болосуздар деп ишенет.
Ишиңиздерде жаңы ийгиликтер болсун".

Пикир

Оставить комментарий