• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Премьердин м.а. Артем Новиков Ысык-Көлдөгү бир катар ишканалардын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында бир катар ишканалардын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Алсак, ал Балыкчы шаарындагы логистикалык борборго барды, долбоордун курулушунун бөлүгү Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ишканада 30 адам эмгектенет, ал эми анын сактагычынын кубаттуулугу 2400 тоннаны түзөт жана атмосферасы жөнгө салынат.

Ишкананын жетекчилиги айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн бардык чынжырчасын, анын ичинде, аны кайра иштеүү жана балдар тамактануу продукциясын чыгарууну өзүнө камтыган кластерди түзүү демилгеси боюнча маалымат берди. Буга катар алар өндүрүштү кеңейтүү үчүн жер тилкесин бөлүү зарылдыгын белгиледи.

Артем Новиков ошондой эле Каракол шаарындагы эт комбинатынын курулушунун жүрүшү менен таанышты, аны ишке киргизүү 2021-жылга пландаштырылган.

Объектидеги курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында башталган. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкана үчүн жабдууну лизингге берет. Комбинаттын кубаттуулугу жылына 7200 тонна эт өндүрөт, 150 жумушчу орун түзүлөт.

Ишкана эт кластерин түзүүгө багытталган, анда асыл тукум чарбасы, окуу борбору түзүлүп, фермерлерди ишке тартуу, эт продукциясы рыногун өнүктүрүү каралган.

Премьер-министрдин м.а. жергиликтүү бийлик органдарына ишкерлер менен тыгыз байланышты түзүп, жер тилкесин бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

«Пандемияга карабастан, инвесторлор долбоорлорду баштоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө даяр экендигин билдирүүдө. Облуста тийиштүү инфраструктурасы бар, пайдаланылбай жаткан тилкелер көп. Ошол эле учурда көптөгөн инвесторлор жер тилкелерин алуу боюнча көйгөйлөргө туш болушат. Бизнес өнүгүүсү үчүн аянттар жетишсиз. Жергиликтүү бийлик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда максималдуу жардам көрсөтүшү керек. Эт, сүт багытындагы мал чарбасы жана багбанчылыкка байланыштуу долбоорлор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ. Алардын өнүгүүсүн камсыз кылуу керек», - деди Артем Новиков.

Ошондой эле премьер-министрдин м.а. пандемия маалында жеке коргонуучу каражаттарды чыгара баштаган Ак-Суу районундагы «Aiko-Seiko» тигүү ишканасына барды.

Ишкер өндүрүштү кеңейтүүгө даяр, бирок квалификациялуу адистер жетишсиз болууда. Ал андан ары жумушка орноштуруу шарты менен тигүүчүлүк курстарын түзүү демилгесин көтөрдү.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына окуу борборун ачууга уруксат алуу боюнча ишканага колдоо көрсөтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, өкмөт башчынын м.а. иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы экспортко багытталган «Ак-Жалга» сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышты. 120 адам иштеген завод күнүнө 50 тонна сүттү кайра иштетет.

Пикир

Оставить комментарий