• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Премьердин м.а. Новиков: Өкмөттүн биринчи милдети - калкты жумуш менен камсыз кылуу

Өкмөт 0

Бишкек, 26.12.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө ушул жылдын 15-декабрында алтын өндүрүүчү жай жана калдык сактоочу жайдын курулуш иштери жанданган Чаткал районундагы «Эти-Бакир-Терек-Сай» ишканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы окуяга байланыштуу курулуш иштери токтоп, кийин кайра жанданган. 2020-жылдын аягына чейин жалпы жумуштун 25%дан ашыгын бүтүрүү пландалууда.

Артем Новиков ишканага барган учурда Өкмөт эки айдын ичинде тоо кен ишканасынын ишин жандандыруу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын туруктуу негизде жүргүзгөнүн, анын натыйжасында 700дөн ашуун адам жумуш менен камсыз болгонун, алардын 75% жергиликтүү тургундардан экенини белгиледи.

Учурда курулуш иштери толук кандуу жанданды. Анын негизинде жергиликтүү эл иш менен камсыз болду.

Андан соң Өкмөт башчынын м.а. сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө компаниянын жетекчилиги менен узундугу 35 чакырымдан ашык Ала-Бука-Кировка жолун куруу, ошондой эле модернизациядан кийин эл аралык макамга ээ боло турган «Кербен» аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү боюнча келишим түзүлгөндүгүн айтты.

«Долбоордун бардык деталдары жергиликтүү бийлик менен биргеликте иштелип чыгып, 2020-жылдын аягына чейин Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлушу керек», - деди Артем Новиков.

«Бул чечимдер жергиликтүү тургундардын турмушуна оңдуу таасирин тийгизет. Тургундар реалдуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү зарыл, анткени, бардык иш-аракеттер жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоого багытталган. Себеби бүгүнкү күндө Өкмөттүн негизги милдети – калкты жумуштуулук менен камсыздоо», - деп кошумчалады ал.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, иштердин жыйынтыгы боюнча аймакта рекультивациялоо иши жүргүзүлөт, ал эми калдыктарды сактоочу жайды курууда алдыңкы экологиялык стандарттар, техникалык жана социалдык талаптар сакталат.

Премьер-министрдин м.а. жергиликтүү бийлик органдарынын инвесторлорду жана жериликтүү калкты байланыштыруучу медиатор катары жоопкерчилигин баса белгиледи.

Күтүлгөндөй, алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу жыйынтыкталган соң салык төлөмдөрү 5 млрд ашуун сомду түзмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий