• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьердин м.а. Ысык-Көлдүн жергиликтүү бийлик органдары менен кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын рремьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында кеңешме өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаарлардын мэрлери, райондордун жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешменин жүрүшүндө облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тактап айтканда Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу 4 маанилүү багытка: коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал, кышкы жылытуу мезгилин өтүү, азык-түлүк коопсуздугу жана социалдык маанилүү азык-түлүктөргө карата баалардын деңгээли маселесине, ошондой эле аймактын социалдык-экономикалык абалы, туризм жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү маселелерине басым жасады.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу аймактагы тамак-аш азыктарынын негизги түрүнө карай бааларды турукташтыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул пандемия учурундагы калктын киреше деңгээли төмөндөгөн учурда өзгөчө маанилүү. Биз күндө керектелүүчү товарларды импорттоочулардан жана продукция өндүрүүчүлөрдөн түз ташууну камсыздоого даярбыз. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен биргеликте продукцияны ташып келүү механизмин жана графигин иштеп чыгуусу тапшырылды», - деди ал.

Артем Новиков жергиликтүү бийлик органдары тарабынан облустун өнөр-жай потенциалын өнүктүрүү үчүн тийиштүү инфраструктурага ээ болгон объектилерди инвентаризациялоону жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Ысык-Көл облусундагы бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдыруу мисалында биз инвесторлор өз көйгөйлөрү менен, мамлекеттин тийиштүү колдоосуз калып жаткандыгына күбө болдук. Алар өз өндүрүшүн кеңейте албайт, анткени, жер тилкелерин бөлүү маселеси чечилбей келет. Бизнестин өнүгүүсү үчүн аянтчалар жетишпейт. Обьектилердин жана жер тилкелеринин инвентаризациясын өткөрүү, алардын тизимин түзүп, инвестициялык долбоорлорго сунуштоо зарыл деп эсептейм. Инвесторлор жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосуна жана көмөк көрсөтүүсүнө муктаж», - деди ал.

Өкмөт башчынын м.а. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине эт жана сүт багытындагы мал чарбасын, ошондой эле кластердик ыкма боюнча багбанчылыкты өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Бардык кластердик чынжырлар боюнча каржылоонун жеңилдетилген шарттары менен камсыз кылынат жана мамлекет тарабынан, анын ичинде продукцияны экспорттоону жүзөгө ашырууда керектүү колдоо көрсөтүлөт», - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларына кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана туристтик жайларда коопсуздукту камсыз кылуу, социалдык милдеттенмелерди толугу менен аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Артем Новиков жумушчу сапарынын алкагында Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборунда болду.
Жакында капиталдык оңдоодон өткөн калкты тейлөө борбору спорт сарайынын имаратында жайгашкан.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине борбордун расмий ачылышын күтпөстөн, анын толук кандуу иштешин камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Мекемеде элге жакшы шарттарды түзүү үчүн Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү каттоо бөлүмүнүн кызматкери, ошондой эле документтерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон кызматтар (кассалык нотариус, фотостудия, маалымдама) жайгаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий