• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьерликке талапкер: Мамлекеттик чек аралардагы иштер улантылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.20. / Кабар/. Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек аралардагы делимитация жана демаркация боюнча иштер улантылат. Бул тууралуу парламенттин көпчүлүк коалициясынын жыйынында премьер-министр кызматына талапкер Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 20-июнда эки мамлекеттин кезектеги комиссиясынын жыйыны өтөт.

“Паритеттик негизде, жолугушуу Өзбекстанда өтөт. Тажикстан менен чек арадагы кырдаал боюнча иштер дагы улантылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий