• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьерликке талапкер Марипов туризм тармагын кантип өнүктүрүү жөнүндө айтып берди

Коом 0

Бишкек, 02.02.21./Кабар/. Премьер-министрлик кызматына талапкер Улукбек Марипов өлкөдө туризм тармагын кантип өнүктүрүү жөнүндө айтып берди.

Ал Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүм, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында туризм тармагы экономикалык блокто болот, анткени бул киреше алып келүүчү багыттардын бири деп белгиледи.

“Бул тармак ар бир үйгө, ар бир айылга киреше алып келиши мүмкүн. Төрт мезгилде тең өнүктүрсө болот”, - деди премьер-министр кызматына талапкер.

Ал бул тармакты өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыгат деп кошумчалады.

Атап айтканда, Марипов алгач өлкөдө инфраструктура бөлүгүндө шарттарды түзүү керек деп билдирди.

“Бизге келген коноктор аэропорттон баштап жүгү менен келгендей кыйынчылыктарды сезе баштайт, кеткенче ошондой. Мен Арменияда болгом, ал жакта керек болсо таксист да өз өлкөсүн мактай баштайт. Биз конокторду тосуп алууну техникумдарда окутушубуз керек”, - деди ал.

Ошондой эле Марипов эгер бул программага кирсе этнокомплекстердин курулушун салыктан бошотуу зарыл деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий