• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент: 1-октябрдан тарта пенсия 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт

Президент 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. 1-октябрдан тарта пенсия 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Жапаров Анын тапшырмасы менен министрлер кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу чечимин кабыл алганын жазат.

"Бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 735 миңдей пенсионер бар. Аларга пенсия төлөмдөрү үчүн жылына 70 млрд сом каралат. Эми бул максатка биз жыл сайын республикалык бюджеттен 90 млрд сом бөлөбүз. Буга чейин пенсия өлчөмү орточо 200-300 сомго көтөрүлчү.

Азыр эми биз бир эле учурда жалпы өлкө боюнча пенсия өлчөмүн 1700дөн 3400 сомго чейин көтөрүү чечимин кабыл алдык. Албетте, бул идеалдуу сан эмес. Бирок бүгүнкү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандарыбыздын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардыгын жасап жатабыз. Мамлекеттин социалдык саясаты мындан ары да кыргызстандыктардын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталат", - деп жазат өлкө башчы.

Пикир

Оставить комментарий