• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент 2019-2020-жылдарга карата бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду

Президент 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 141,5 млрд. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 154,1 млрд. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 12,6 млрд. сом суммасында белгиленди.

2018-жылга республикалык бюджеттин параметрлери республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын, ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен кайра каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий