• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент 2019-жылдын бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 29-ноябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 151 762 419,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 161 913 144,8 миң. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 10 150 725,7 миң сом суммасында белгиленди.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий