• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент 2020-жылы Кыргызстанда Германия экономикасынын күндөрүн өткөрүүнү сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков Германия экономикасынын кезектеги үчүнчү күндөрүн 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды. Ал мындай пикирин Германиянын Мюнхен шаарында Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн менен жолугушууда билдирди.

Ал германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырып, бүгүн бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча ишкер чөйрөлөрдүн өз ара алакаларын кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюларын кошумчалады.

Ал Кыргызстан менен Конрад Эденауэр жана Фридрих Эберт атындагы фонддор жана Ханс Зайдель атындагы Фонддун ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыкты белгиледи. Ханс Зайдель атындагы Фонд Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу чөйрөлөрүндө карларды даярдоо маселелери боюнча долбоорду ишке ашырып жатканын, 2002-жылдан тартып, Фонд аркылуу Кыргызстанда 2 миңден ашык стипендианттар билим алышканын айтты.

Мамлекет башчысы демократиялуу жана укуктук мамлекет катары алга карай ишенимдүү кадам менен баратканын баса белгиледи. Өз өлкөсүндө жүрүп жаткан кайра өзгөртүүлөр, реформалар, 2020-жылы боло турган кезектеги парламенттик шайлоолор жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор жөнүндө кыскача айтып берди.

Ал бүгүн Евробиримдик менен кызматташуунун жаңы стратегиясы даярдалып жатканын, ага 2019-жылдын июль айында ЕБ дипломатиясынын башчысы Федерико Могерини менен бирге кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.

Маектешүүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси Флориан Херманнды жана Бавария жетекчилигин Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий