• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: 2021-жылды Кыргызстан менен Индия достугу жана маданияты Жылы деп жарыяладык

Президент 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Расмий визит менен Кыргызстанга келген Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысынын билдирүүсүнүн тексти:

“Урматтуу Премьер-министр мырза!

Урматтуу Индия делегациясынын мүчөлөрү!

Меймандос кыргыз жергесинде индиялык досторубузду тосуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз.

Сиздин расмий сапарыңыздын алкагындагы сүйлөшүүлөрүбүз жемиштүү болгонун канааттануу менен белгилейм.

Бүгүнкү ишибиз келечек кызматташууга бекем пайдубал болуп берет деп ишенем.

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,

Индия Республикасынын Премьер-министри Урматтуу Нарендра Моди мырзанын расмий сапарынын алкагында тар чөйрөдө жана кеңири форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктады.

Биз эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген бардык тармактардагы кызматташтыкты күчөтүүнү макулдаштык.

Бүгүн кол коюлган Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларация – эки тараптуу кызматташтыктын жаңы барагын ачат.

Биз Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык алакаларга өзгөчө басым жасоону сүйлөштүк.

2018-жылы эки өлкөнүн өз ара соода-сатыгынын көлөмү болгону 37 миллион АКШ долларын түзгөн.

Андыктан бул багытта жасай турган иштер арбын, өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн көбөйтүү керек.

Буга бүгүн кол коюлган Эки тараптуу инвестициялык макулдашуу жана Жакынкы мөөнөткө соода-экономикалык кызматташтыктын Жол картасы укуктук негиз болот деген ишеничтебиз.

Расмий сапардын алкагында өтүп жаткан кыргыз-индия бизнес-форуму жана текстиль көргөзмөсү кызматташтыкты бекемдөөгө өтө керектүү иш-чаралар.

Буга чейинки кызматташуу тажрыйбабызды эске алуу менен биргелешкен ишканаларды түзүү каралды.

Эки өлкөнүн чакан жана орто ишкерлерине көмөк көрсөтүү максатында, биргелешкен каржы механизмдерин түзүү маселесин да талкууладык.

Электроэнергетика чөйрөсүндөгү суроолорго дагы токтолдук.

Бул багыттагы Кыргызстандын гидроэнергетикалык дараметин эске алуу менен, Индиялык досторубузду кызматташууга чакырдык.

Айыл-чарба секторундагы кызматташтыкты да талкууладык.

Эки тараптын тең агрардык секторду өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт бере тургандыгын эске алып, биргелешип аракеттенүүнү чечтик.

Тоо-кен жаатындагы кызматташтыгыбызды арттыруу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө боюнча сунуштарды бердик.

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүгө чоң маани берилүүдө.

Маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнү кеңири талкуулап, маанилүү социалдык объектилерди курууну сүйлөштүк.

Кыргызстанга көмөк көрсөтүп, онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн “Бабатрон-2” нур жабдууларын бергендиги үчүн Индия тарапка ыраазылык билдирдик.

Бүгүнкү күндөгү Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы билим берүү жаатында бекем кызматташтык калыптанып калганын белгиледик.

Эки өлкөнүн байланыштары - стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатканын эске алуу менен 2021-жылды Кыргызстан менен Индиянын достук жана маданият жылы деп жарыялоо сунушталды.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп, мындан ары өнүктүрүүгө жакшы шарттарды жаратты десем жаңылышпайм.

Индия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бар болгон дараметибизди жумшоого даярбыз.

Урматтуу Премьер-министр мырзанын жана делегация мүчөлөрүнүн кыргыз-индия мамилелерин чыңдоого кошкон салымына ыраазычылык билдиребиз”.

Пикир

Оставить комментарий