• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот

Президент 0

Бишкек, 01.04.23./Кабар/. Жалпы өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Президенттин айтымында, өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.

""Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт" деген сөз бар эмеспи.

Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө", - деди ал.

Мамлекет башчысы былтыр 47-колония Молдовановка айылына көчүрүлгөндүгүн эске салды.

"Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак жай беребиз.

Мындан сырткары, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат.

Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз.

Мамлекеттик кызматкерби, же жөнөкөй ишкерби - айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз.

Кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий