• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент 24-марттагы революциянын жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 24-мартта /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн өлкөбүздө өзүбүз “Март элдик революциясы” деп атаган, ал эми дүйнөлүк коомчулукка “Жоогазын революциясы” катары белгилүү 2005-жылдын 24-мартындагыэлдик революциянын жылдыгын белгиленип жатат. Кыргызстан эли Акаевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна каршы жапырт көтөрүлүп, революция жеңди.

Бирок, Март элдик революциясынын эң башкы тарыхый сабагы – чыныгы революция жек көрүндү бийликти кулатуу эле эмес экенин калкыбыздын айкын түшүнгөнү болду. Элдик революциянын жеңишин, анын жетишкендиктерин өлкөнү кайрадан авторитаризмдин жана мыйзамсыздыктын сазына батыргысы келген күчтөрдөн коргоп калуу өтө маанилүү.

2005-жылы мартта эркиндик жана адилеттик үчүн күрөшкө чыккандар орто жолдон бийликти дагы башка, мурдагыдан да ач көз жана мыкаачы үй-бүлө басып алаарын, ал эми революциянын идеалдары тебеленип-тепселип калаарын билишкен жок. Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башкаруусу саясатчылар менен журналисттерди куугунтуктоолор, аларды өлтүрүү, элдик байлыкты мурдагыдан да ашынган талап-тоноолор менен коштолду.

2010-жылдагы Апрель элдик революциясы Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачты. Акыркы жылдары өлкө көз карандысыздыгын бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү үчүн жана элдин өз өлкөсүнө жана өз келечегине ишенимин ойготуу үчүн көп иштер жасалды. Зор аракеттер жана калкыбыздын кайратман эмгеги менен өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна сала алдык.

Урматтуу мекендештер!

2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005 жана 2010-жылдардагы элдик революциялар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы тагдыр чечкен окуялар болду. Бул Кыргызстан элинин эркиндикке жана адилеттикке карай катаал жана баатырдык жолундагы үч белес, үч ашуу сыяктуу. Биз муну эч убакта унутпайлык. Бул окуялардан сабак алалык.

Бүгүн өздөрүнүн тар кызыкчылыктары үчүн коомубузду бөлүп-жарып, өлкөдөгү кырдаалга бүлүк салгысы келген саясатчылардын чагымчыл аракеттерине азгырылып-алданбоо өтө маанилүү.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун!

Өлкөбүз гүлдөп-өсүп, ар бир үйдө тынчтык жана бакубатчылык орносун!

Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев”.

Пикир

Оставить комментарий