• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент А. Атамбаевдин КР Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

Президент 0

Бишкек, 5-май / Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бардыгыңыздарды Конституция күнү менен куттуктайм!

Мындан жыйырма төрт жыл мурда, 1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция катары таанылган.

Бирок, андан кийинки 20 жыл ичинде Башмыйзам авторитардык - үй-бүлөлүк режимди чыңдоо максатында бир канча жолу оӊдолуп, натыйжада коом ичинде Конституциянын кадырын кетирген.
2010-жылы Апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Андан берки өлкөбүздөгү орошон өзгөрүүлөр, мамлекетибиздин улам бекемделиши жарандардын Башмыйзамга, мыйзамдуулукка ишениминин кайтарып, Конституцияга, өлкө эгемендигине, мамлекетибизге сый-урмат мамилени жаратты.

Бул кыска убакта Кыргызстан өнүгүү жолунда ондогон жылдарга тете белести басып өттү. Бул жетишкендиктерди биз 2016-жылы декабрдагы референдум аркылуу бекемдедик.
Ошентип, мындан ары бизде ким бирөөнүн чексиз бийлигинин орношуна жол жабылды -Кыргызстанда бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды.

Мындан ары тыштан таӊулоолорго жол жабылды – ким менен мамиле күтпөйлү, Кыргызстандын кызыкчылыктары биринчи орунда болот.
Азыркы Башмыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болот.

Урматтуу мекендештер!

Майрамыбыз кут болсун!

Баарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана тынчтык каалайм!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Кыргыз Республикасынын
Президенти Алмазбек Атамбаев”

Пикир

Оставить комментарий