• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент А.Атамбаев АКШ А.Аскаровго мынчалык эмне үчүн күйүп жатканын айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 6-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. АКШ Кыргызстан өз аймагынан америкалык аскер базасын чыгаргандыгын кабыл алууну каалабагандыктан, сепаратист Азимжан Аскаровду колдоп жатат. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Ал белгилегендей, бул демократия эмес, алардын базасынын чыгарылышына карата таарыныч болуп саналат. “Алар бул үчүн бизди кечире албай жатышат. Мында демократия менен байланыштуу эч нерсе жок. Өткөн жолу, мамлекеттик катчы Джон Керри өлкөбүзгө келгенде, мен ага бардык жерде А.Аскаров тууралуу айтылып жатканын айттым. Бирок аны соттоп жатышканда, мамлекет башында Роза Отунбаев турган. АКШ өзү аны медаль менен сыйлаган. Андан соң биз АКШнын аскер базасын Кыргызстандан чыгарганда гана алар А.Аскаров жана К.Батыровду эстешти. Мунун себеби ушунда. Джон Керри да эч нерсе деп айта алган эмес. Маселе адам укуктарынын бузулушу жана демократияда эмес”, -деди А.Атамбаев.

Кыргызстандын башчысы белгилегендей, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп эки жүздүүлүк тууралуу эң жакшы айткан жана ал бул ойду колдойт.

Пикир

Оставить комментарий