• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент А.Атамбаев: Биз амбициялуу максатты – Санарип жибек жолунда борбордук звено болууну көздөп жатабыз

Президент 0

Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-июнда, «Таза коом» жана Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттарынын санариптик транформация программасынын жогорку деңгээлдеги эл аралык форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Конференциянын ишине Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш дагы катышып сөз сүйлөдү.

Андан тышкары иш чаранын жүрүшүндө Европа союзунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан, Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчук, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Кавказ, Молдова жана Белоруссия боюнча регионалдык директору Бруно Балванера, Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кэндис МакДэйган дагы чыгып сүйлөштү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

Урматтуу Баш катчы!

Урматтуу мырзалар жана айымдар!

Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттары менен айкашкан “Таза коом” санариптик транформация улуттук программасын ишке ашырууга арналган өлкөбүз үчүн абдан зор мааниге ээ болгон иш чарага кош келиңиздер. Биздин өлкөдө нефти жана газ жок, бирок күчтүү жарандык коом бар. Биз эркин адамдардын өлкөсүн, эркин Кыргызстанды куруп жатабыз. Биздин күчүбүз, биздин байлыгыбыз – адамдарыбыз, ошондуктан биз “Таза коом” санариптик транформация программасына басым жасап жатабыз.

Бул программаны колдоп, бүгүнкү форумга катышып жаткандыгыңыз үчүн Гутерреш мырза, Сизге өзгөчө ыраазычылык билдирип коюуга уруксат этиңиз.

Мюнхендеги жолугушуубузда Кыргызстанга келип кетүү тууралуу менин чакыруума сиз “Кыргызстан жаңы Баш катчы биринчи кезекте барууга милдеттүү болгон проблемалуу өлкө эмес, кеп ошондо”,-дегенсиз.

Ошого карабастан, сиз убакыт жана мүмкүнчүлүк тапканыңызга абдан ыраазымын.

Бизде чоң проблемалар жок болгону менен, мезгилдин айрым коркунучтары, жарандарыбыз чечүүнү талап кылган айрым маселелер бар. Кыргызстан дүйнөдө деңизден эң алыс жайгашкан мамлекет, дүйнөдөгү тоолуу өлкөлөрдүн бири - аймагыбыздын 93% тоо.

Деңизге чыгууга жолу жок тоолуу өлкөлөр транспортто, энергетикада, соодада жана башка чөйрөдө олуттуу чыгымдар менен байланышкан чоң кыйынчылыктарга дуушар болоору белгилүү.

Бирок, соодага келгенде Кыргызстан акыркы 10 жылда соода көлөмү ИДПнын 130-140% түзгөн дүйнө өлкөлөрүнүн топ-25тин катарына кирип, деңизге чыгууга жолу жок тоолуу өлкөлөр арасында бул көрсөткүч боюнча туруктуу лидер болуп саналат.

Татаал шарттарга карабастан, өлкө саясый туруктуулукка, ошондой эле экономикалык жана социалдык туруктуу өнүгүүгө жетише алды.

Эгемендүүлүктүн чейрек кылымдык жолунда Кыргызстан демократиялык дөөлөттөрдү урматтаган, либералдуу экономикасы жана туруктуу экологиясы бар өлкө катары калыптанды. Бирок биз андан дагы чоң максаттарды көздөп турабыз. Учурда күчтүү, дүркүрөп өнүккөн өлкө болуу максатын көздөгөн Өнүгүү стратегиясы 2040 программасын даярдап жатабыз. Өлкөбуздүн жарандарын газдын жана нефтинин жоктугу тынчсыздандырбашы керек, анткени газы жана нефти жок, ал тургай суу проблемасы бар Япония менен Израилде турмуш деңгээли абдан жогору экендиги жакшы мисал эмеспи.

Стратегии-2040 борбордук компоненти - эркин жана ачык мамлекет куруу боюнча “Таза коом” программасы, ал адамдар капиталына, жаңы технологияларга жана инновацияларга таянып, жарандарга кызмат кылат, бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Акыркы 5-6 жылдын аралыгында өлкөбүздө ири ишканалар курулган жок, газ кен байлыктары ачылбады, бирок биз өлкөнүн ИДПсын 2,5 эсе өстүрүүгө, өлкөнүн кирешесин 3 эсеге көбөйтүүгө жетиштик. Жалаң коррупцияга каршы бөгөт коюу аркылуу өлкөнүн кирешесин 3 эсе жогорулатууга жетише алдык. Эгерде биз ушул жол менен бара берсек, илимий негиздерге таянсак, жакшы инвестицияларга негизденсек, биз мындан дагы жакшы жыйынтыктарга жетишебиз. Анткени биз адамдарга таза жашоого, ак эмгек кылууга жол ачып, жарандардын потенциалын ачабыз. Ошого жараша, мен буга толук ишенем, бул экономикабыздын өнүгүшүнө, ишкердиктин өсүшүнө алып келип, экономикада, саясатта атаандаштыкты арттырат. Себеби саясатта плюрализм болбой туруп экономикада плюрализм болушу мүмкүн эмес.

“Таза коом” программасынын шарапаты менен коррупция деңгээли төмөндөйт, ал эң ылдыйкы чекке түшүшү мүмкүн. Себеби бийликтин бардык кабаттарында коррупцияны жеңүү аздык кылат, коррупция участкалык милиционердин, участкалык дарыгердин, айыл өкмөтүнүн атка минеринин денгээлинде дагы болбошу керек.

Урматтуу мырзалар жана айымдар!

“Таза коом” санариптик трансформациянын программасы төмөндөгү олуттуу багыттар боюнча ишке ашырылат:

- ыңгайлуу жөнгө салуучу чөйрө түзүү, санариптик кызмат көрсөтүү, маалыматтарды ачык кылуу;

- заманбап инфраструктура түзүү;

- адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү.

”Таза коом” программасынын көптөгөн максаттары жана милдеттери Туруктуу өнүгүүнүн глобалдуу максаттары менен шайкеш келет. Ал эми инновациялар, жаңы технологиялар жана интернет бизге максатыбызга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, №9 Глобалдуу максат маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жетүүгө жол ачып, 2020-жылы бардык калк үчүн универсалдуу жана жеткиликтүү интернет тартуулаганга чакырат.

Биз жакынкы эки жылдын аралыгында ар бир айылга жазытилкелүү интернет жеткирүүну болжолдоп жатабыз.

Интернет мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бардык жашоочулар үчүн, айрыкча эң кедей жана аялуу катмар үчүн бирдей жеткиликтүү болушуна шарт түзөт.

МКТ жана интернет саламаттык сактоо менен билим берүү тармактарынын сапаттык жактан алдыга чыгышын камсыз кылат. Технологиялар мамлекеттик сектордун отчеттуулугун жакшыртат, ачык айрым болушун камсыздайт жана чечим кабыл алууга жарандардын катышуусун кеңейтет.

Мамлекеттик сектордун отчеттуулугу жана ачыктыгы туурасында айтып жатып өлкөнун жетекчилиги, Өкмөт “Ачык Өкмөт” (Open Government Partnership – OGP) эл аралык демилгеге кошулуу мумкүнчүлүгүн караштырып жаткандыгын ачык айтып кетким келет.

Бул болсо биз демилгенин негизги принциптерин: ачык-айрымдыкты, отчеттуулукту, жарандардын катышуусун, технологиялык жана инновациялык өнүгүүнү колдоого алаарыбызды ырастайт

Мамлекеттик башкаруунун ачык болушун жана отчеттуулугун түзүү боюнча Өкмөттун аракети OGP тышкы эксперттик топтун жогорку баасына татыды

Алардын рейтингине ылайык, зарыл болгон 16 баллдан 15 балл алып, Кыргызстан аталган өнөктөштүктүн мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк алды.

“Таза коомдун” алкагында алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик, коомдук жана ишкерлер чөйрөсүн кайра түзүүнүн амбициялуу программасын ишке ашыруу зарыл.

Модернизациялоо процесси түйүндүү социалдык (билим берүү, саламаттык сактоо, айлана чөйрө), экономикалык (энергетика, айыл чарбасы, өнөр жай) жана мамлекеттик (демократия куруу, коррупцияга жол бербөө, таза шайлоо) секторду кучагына камтыйт. Бүгүнкү Форумдун ишин биз дал ушул үч багыт боюнча түздүк, ал иштер түштөн кийин уланат.

Туруктуу өнүгүүнүн ушул үч багыты ( социалдык, экономикалык жана мамлекеттик секторлор) түйүндүү катализатор катары санариптик технологияларга жана интернетке муктаж. Инновациялар өлкөбүздүн турмушунун бардык секторлорунда инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Инновациялар №10 Глобалдуу максатка жетүүгө - теңсиздикти төмөндөтүүгө шарт түзөт. Мисалы, МКК маалыматтарды оцифровкалоодо ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жумушка чакырды. Бул мыкты жана көрсөтмөлүү мисал. Мамлекеттик башка органдар дагы бул тажрыйбаны үйрөнүүнү болжолдоп жатат.

Кыргызстан жарандарынын турмушунун сапатын арттыруу менен бирге биз бардык аймактарды өнүктүрүүгө шарт түзүүгө умтулуп жатабыз. Биз амбициялуу максатты – контентти берүү, Маалыматтарды иштетүү борборунда( МИБ) маалыматтарды сактоо боюнча интернетти транзиттөө аркылуу Санариптик жибек жолунда борбордук звеного айлануу максатын коюп жатабыз.

Менимче аны үчүн бизде бардык шарттар бар: либералдуу экономика жана демократиялуу саясый система, Кытай, Индия, Иран, ЕАЭБ сыяктуу глобалдуу экономикалык лидерлердин ортосунда географиялык ыңгайлуу жайгашканыбыз, телекоммуникациянын атаандашуу сектору, арзан таза энергия.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Бизде “Таза коом” Санариптик трансформация программасын ишке ашыруу үчүн эн негизги компоненттер бар. Күчтүү жарандык коом жана квалификациялуу адистер бар. Өлкөбүздүн жетекчилигинде, өлкөнүн Өкмөтүндө жана парламентинде саясый эрк бар. “Таза коом” программасын ишке ашырууга жардам көрсөтүүгө даяр турган республикабыздын достору дагы бар.

Ошондуктан сөзүмдүн соңунда жалпы Кыргызстан элинин атынан чет элдик мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын, Дүйнөлүк банктын, Азия Өнүктүрүү Банкынын, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө, Европа союзунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан мырзага, жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш мырзага бизди тушүнүп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип кетким келет!

Пикир

Оставить комментарий