• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент А.Атамбаев БУУнун Генералдык ассамблеясынын 72-сессиясында сөз сүйлөдү

Президент 0


Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Генеарлдык ассамлеясыын 72-сессиясында трибунага чыгып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

"Урматтуу Төрага мырза!

Урматтуу Башкы катчы мырза!

Улуу урматтуулар!

Айымдар жана мырзалар!

Сөзүмдүн башында жер титирөөнүн кесепетинен көп адамдар каза тапкандыгына байланыштуу Мексика элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан баардыгыңыздарга салам жолдогонго уруксат этиңиздер!

Менин байыркы элим тарыхий калыптануунун жана өнүгүүнүн узак жана татаал жолун басып өттү. Бактыбызга жараша учурунда биз өз жазмабызды түзүп, тарыхта улуу кыргыз каганаты аталган көп улуттуу мамлекет түптөгөн элек.

Тилекке каршы андан кийинки тарыхый окуялар кыргыз каганатын жоготууга жана калкыбыздын көпчүлүгүн кырып-жоготууга алып келген.

Биз тууралуу жоголуп бараткан этнос катары сөз кылып калышкан. Ошондуктан эркиндик, эгемендүүлүк жана көз карандысыз мамлекет элимдин тарыхый узак жолундагы улуттук идея, пассионардык кыймылдатуучу күч катары кызмат өтөп келген. Ушул жол өлкөнү 1991-жылы эгемендүүлүккө алып келди.

Бирок эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөш улана берген. Мен акыркы 12 жылдын аралыгында диктатордук режимдерге каршы эки ирет элдик революция жасап, Кыргыз Республикасында эл гана бийликтин жападан жалгыз булагы боло алат деп далилдей алган эр көкүрөк элим менен сыймыктанам.

“Башка өлкөлөрдө ушул сыяктуу окуялар демократияны талкалап, көп кырсыктарды алып келиши мүмкүн эле. Бирок Кыргыз Республикасы демократиялык системаны сактап, көптөгөн оор кырдаалдардан өттү. Бул башка өлкөлөр үчүн сабак болот деп ишенем”.

Бул сөздөр БУУнун Башкы катчысына таандык. Биз Антониу Гутерришу мырзага өлкөбүздүн соңку тарыхындагы тарыхый окуяларга мынчалык кеңири жана обьективдүү баа бергендиги үчүн абдан ыраазыбыз.

Төрага мырза !

Айымдар жана мырзалар!

Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү жолун тандап алган бардык өлкөлөр менен бирге Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетүү боюнча милдеттенмелерди кабыл алган.

Биздин башкы максатыбыз – адамдын жакшы жашоосу жана бакубаттуулугу.

Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык кризиске, энергия алып жүрүүчүлөргө баалардын төмөндөшүнө жана дүйнөлүк державалардын санкциялык тирешүүсүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын ИДП акыркы жылдары туруктуулук менен өсүп келатат, ал эми кыргыз сому КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң туруктуу валюталардын бири. Ири долбоорлор ишке ашырылып, инфраструктураны жакшыртуу боюнча жигердүү иш жүргүзүлүүдө.

Өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жана энергосектордун туруктуулугуна жетишти.

Кыргыз Республикасы туюк өлкөдөн транзиттик мамлекетке айланууда. Биз бардык социалдык милдеттенмелерди аткарып жатабыз. Мугалимдердин жана медиктердин айлык акылары көбөйтүлүп, пенсия менен жөлөк пулдар этап-этап менен жогорулатылууда.

Акыркы беш жылдын аралыгында калктын жакырчылыгынын чеги 4,5 эсе кыскарды.

Биз коррупцияга каршы чындап, системалуу күрөштү баштадык, мамлекеттик башкаруу органдарын, айрыкча бийликтин жогорку кабатын бул илдеттен тазалай баштадык. Өлкөбүздө мындан 6-7 жыл илгери болгондой, өзгөчөлөнгөн чөйрө же кол тийгис адамдар жок.

Бүгүн биз бардык чет элдик өнөктөштөр менен тең ата диалог жүргүзүп жатабыз. Тышкы саясый көз карандысыздыгыбызды калыптандырууда биз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоо позициясын бекем карманып келебиз. Ошол эле учурда биз регионалдык интеграцияга өзгөчө артыкчылык берип жатабыз, ал эми кошуналар менен чек араларыбыз достуктун жана жакшы коңшулаштыктын дарбазасына айланууда.

Акыркы жылдары биз жетишкен эң негизги нерселер - тынчтык, ынтымакташтык жана туруктуулук. Өлкө көз көрүнө өзгөрүп баратат. Кыргыз Республикасы постсоветтик Борбордук Азиядагы парламенттик демократияга ыктаган биринчи жана жападан жалгыз өлкө болуп саналат.

БУУ баш болгон эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасын евразиялык континенттеги күчтүү жарандык коому бар эң эркин жана туруктуу мамлекет катары таанып калышты.

Шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык түрдө саналышы үчүн заманбап биометрикалык технологияларды пайдалануу менен шайлоо процессинин жаңы моделин ишке киргизүүнү өзгөчө жетишкендигибиз катары эсептейбиз. Бул система 2015-жылы парламенттик шайлоодо жана 2016-жылы референдумда өзүнүн артыкчылыктарын көрсөтө алды.

Кыргыз Республикасында өткөрүлүп жаткан шайлоо кампанияларынын демократиялуу жана ачыктыгы эл аралык байкоочулар тарабынан ырасталып, эң негизгиси өлкөнүн бардык саясый күчтөрү тарабынан кабыл алынып жатат.

Биздин өлкөдө учурда агитациялык кампания күчөп, 2017-жылдын 15-октябрына болжолдонгон президенттик шайлоолорго кызуу даярдык көрүлүп жатат. Биз үчүн таза жана ачык шайлоо өткөрүү – өлкөдөгү мындан аркы туруктуулуктун кепилдиги. Аны үчүн бизде бекем саясый эрк бар.

Өлкөнүн жаңы жетекчилиги өлкөнүн демократиялуу жана ачык мамлекет катары мындан аркы өнүгүшүнүн багытын улантат деп ишенем.

Төрага мырза !

Айымдар жана мырзалар!

Учурда Кыргызстанда өлкөнү 2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү Улуттук программасы иштелип жатат.

Мындан ары туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары төмөндөгүлөр:

  • өлкөнүн экономикасын тездетип өнүктүрүү, жарандарды татыктуу жумуш менен камсыз кылуу;
  • калктын экономикалык жана социалдык бакубатчылыгын камсыз кылуу;
  • өлкөнүн жарандары үчүн коопсуздук жана ыңгайлуу шарттар;
  • өнүккөн парламенттик демократия жана күчтүү жарандык коом.

Бул стратегиянын урунттуу демилгелеринин бири – өлкөбүздө электрондук башкаруу жана ачык коом принциптерин киргизүүнү алдыга жылдыруу үчүн иштелип чыккан “Таза коом” программасы.

Өлкөбүзгө жасаган сапарынын жүрүшүндө БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш мырза мындай деп белгилеген: “Кыргыз Республикасы демократияны өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия аймагында лидер гана болбостон, санариптик экономиканы курууда аймактагы пионер болуп келатат, бул иш, албетте, азыркы дүйнөдө абдан маанилүү”.

Мына ушул кадамдардын негизинде жакын арада Кыргыз Республикасы экономикалык жактан өнүккөн, социалдык жактан бакубат жана коопсуз, агроөнөр жай комплекси жана өнөр жайы өнүккөн өлкөгө айланат деп мен ишенем.

Кайталангыс жаратылышын жана Улуу Жибек жолунун тарыхый-маданий эстеликтерди эске алсак, коопсуз жана жашаганга ыңгайлуу, туруктуу туризмге ээ, Тоо өнүктөштүгүнүн катышуучусу болгон өлкө.

Дени сак, билимдүү, маданияттуу, эркин жана бакубат адамдардын өлкөсү.

Адилеттүү жана жоопкерчиликтүү бийлиги бар өлкө.

2040-жылы Улуу Кыргыз каганатынын – IX-X кылымдарда өзүнүн кубаттуулугуна жеткен кыргыз мамлекетинин доорунун башталышынын 1200 жылдыгы белгиленет.

Тарых алдында жана келечек алдында жоопкерчиликти сезүү биздин элибизди 2040-жылдын чегине күчтүү, өзүн өзү толук камсыз кылган, өнүккөн өлкө катары барууга милдеттендирет.

Төрага мырза!

Айымдар жана мырзалар!

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепети коркунучтуу деңгээлге жетип, Кыргыз Республикасы сыяктуу тоолуу өлкөлөр татаал тоолуу экосистемасы болгону үчүн тобокелчилик тизмесинде биринчилерден болуп калды. Климаттын өзгөрүшү Кыргыз Республикасынын экономикасынын бардык секторлоруна таасир тийгизип, тоолуу аймактарда жаратылыш кырсыктары - сел, жер көчкү, суу ташкыны жана кар көчкүлөр тез-тез кайталанып, олуттуу зыян келтирип жатат.

Жаратылыштын сактоочусу, Борбордук Азияда гана эмес, дүйнөдө таза суунун калыптанышынын зонасы болуп эсептелген кыргыз мөңгүлөрүнүн ыкчам эрий баштагандыгы биздин өзгөчө тынчсыздандырып жатат.

2025-жылга чейинки божомол боюнча Кыргыз Республикасындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40% кыскарышы мүмкүн, анын аркасынан Борбордук Азияда дарыялардын суулары 25-35% тартылышы ыктымал.

Ал эми 2100-жылга карата Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү Жер бетинен биротоло жоголуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан биздин мамлекет бийик жайгашкан өлкөлөрдүн тоолуу экосистемалардын мөңгүлөрүн сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдойт.

Туруктуу өнүктүрүүгө өтүүнүн түпкү маңызы адамзаттын жашоосун улантып, ошол эле учурда биосфераны сактап калууда. Климаттын өзгөрүшүнөн улам биздин тоолуу экосистемабыздын биоар түрдүүлүгү жоголуу коркунучунда калды.

Тактап айтканда 90-жылдардан тартып дүйнөдө ак илбирстин саны эки эсеге - 7000ден 3500 чейин кыскарган.

2013-жылы биз ак илбирсти сактоо боюнча демилге көтөрүп, Дүйнөлүк форум өткөргөнбүз, ал саамалык жакшы ишке - бул жаныбарды жана анын экосистемасын сактап калуу ишин бардыгы үчүн бирдей стратегиялык жаратылыш коргоо милдети катары эсептөөгө жол ачты.

Мындан үч жума мурда Бишкекте ак илбирсти сактап калуу боюнча эл аралык экинчи форум ийгиликтүү өткөрүлдү. Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган улуттук жана глобалдык биоартүрдүүлүктү сактоого басым жасоо менен регионалдык деңгээлдеги мультиөлкөлүк долбоор анын маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп калды.

Төрага мырза!

Айымдар жаан мырзалар!

Азыркы дүйнөдө адамзат өз башатын унутуп коёт.

Чакчелекей түшкөн, бириндеген, чачылган дүйнөдө бардык элдер үчүн адамдарды диний көз карашы же тили боюнча бөлүп-жарган саясий идеялардын ордуна баарыбызды баш коштурган, бириктирген факторлор керек. Ошондуктан биздин өлкөбүз бир катар эл аралык долбоорлордун жана иш-чаралардын демилгечиси болууда.

Тагыраак айтканда, эл аралык коомчулукка көчмөндөр цивилизациясынын улуулугун көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасы маданияттар ортосундагы диалогко жана тынчтык үчүн өнүгүүгө кошкон салымы үчүн БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан эл аралык таанууга ээ болгон уникалдуу долбоорду – Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын сунуш кылды.

Келерки жылы биз үчүнчү Оюндарды өткөрөбүз жана баарыңыздарды ага катышууга чакырабыз.

Быйыл июль айында “”Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер” деп аталган эл аралык форумду өткөрдүк.

Бул долбоордун башкы максаты – жалпы мурастарды өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу, алтай тектүү элдер ортосундагы маданий алмашуу, мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү.

Менин өлкөм тарабынан демилгеленген 28-29-сентябрда Бишкекте өтө турган “Азыркы светтик мамлекеттеги ислам” деп аталган эл аралык конференция да тынчтыкты чыңдоого жана маданияттар ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө арналган.

из светтик өлкөлөрдө мамлекет менен диний институттардын жана жарандык коомдордун ортосундагы өз ара аракеттешүү тажрыйбасын үйрөнүү жана маалымат алмашуу өтө маанилүү деп эсептейбиз.

Жогоруда талган демилгелердин баары Кыргыз Республикасынын тынчтыкты, туруктуулукту сактоого, азыркы кездеги терроризм жана радикализм коркунучуна каршы маданий көп түрдүүлүктү жана толеранттуулукту өнүктүрүүгө кошкон салымы болуп эсептелет.

Биз бул иштин жыйынтыктарынын жемиштүү болооруна терең ишенебиз.

Төрага мырза!

Айымдар жана мырзалар!

Борбор Азиядагы бакубатчылыктын чечүүчү факторлорунун бири – бул суу-энергетика ресурстарын өз ара пайдалуу негизде колдонуу.

Кыргыз Республикасы ар дайым региондо сууну пайдалануунун экономикалык механизмдерин иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү жактап келет.

Суу ресурстарынын чектелүү экендиги эртедир-кечтир суу – акыл-эстүүлүк менен пайдаланууну талап кылган экономикалык ресурс экенин түшүнүүгө алып келет.

Борбор Азияда сууну пайдалануу маселелери региондогу мамлекеттер тарабынан гана, бардык тараптардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алган ачык жана конструктивдүү диалог жолу менен гана чечилиши мүмкүн экенин өзгөчө баса белгилегим келет.

Эл аралык жана регионалдык уюмдар бул маселе боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнө өз эркин жана кызматташуу жолдорун таңуулоосуна жол берилбеши керек.

Бизге Советтер Союзунан мураска калган жана бүтүндөй регион үчүн потенциалдуу коркунуч туудурган Кыргыз Республикасындагы көптөгөн уран калдыктарын башкаруу проблемасы жөнүндө да айтпай коё албайм.

Кыргызстандагы, ошондой эле Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөгү бир катар ири уран калдыктарын сактоочу жайлар дайралардын жээктеринде жана суу башаттарына жакын жайгашканы баарына белгилүү.

Бул калдыктарды сактоочу жайларда авария болсо, региондогу дайралар зыяндуу калдыктар менен булганып, ири масштабдагы экологиялык жана гуманитардык кырсыктарга алып келип, миллиондогон элдердин өмүрүнө жана саламаттыгына, ошондой эле бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң коркунуч туудурушу мүмкүн.

Ошондуктан 2012-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан Борбор Азиядагы уран калдыктарынын проблемалары боюнча атайын резолюция кабыл алуу жөнүндө сунуш киргизилген жана ал резолюция БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан 2013-жылы кабыл алынган.

Беш жыл ичинде радиациялык жана экологиялык коопсуздук проблемаларын чечүүдө бир кыйла прогресске жетише алдык. Азыркы кезде жетишилген натыйжаларды эске алуу менен БУУ Башкы Ассамблеясынын жаңы резолюциясын кабыл алуу максатка ылайыктуу экени түшүнүктүү болуп калды.

Ушуга байланыштуу бүгүн Нью-Йоркто бул маселе боюнча атайын кеңешме өтөт, Кыргыз Республикасы аны өткөрүү боюнча активдүү демилгечилердин бири болуп саналат.

Бул иш-чара уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоого багытталган жаңы программаларды жана чараларды илгерилетүүгө өбөлгө болоруна ишенем.

Төрага мырза!

Айымдар жана мырзалар!

Тынчтык жана коопсуздук, планетадагы бардык мамлекеттердин туруктуу өнүгүшү маселелерине байланыштуу терроризмге каршы күрөшүү темасына токтолгум келет.

Эл аралык коомчулук терроризмге жана экстремизмге каршы, ошондой эле аларга байланыштуу көрүнүштөр болуп эсептелген маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, адамдарды жана курал-жарактарды сатууга, арам акчаларды адалдоого каршы активдүүрөөк күрөшүүгө тийиш.

Тилекке каршы, бул багытта эл аралык коомчулук тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз бойдон калууда, ал эми көпчүлүк учурда мамлекеттер ортосунда тирешүүлөргө алып келүүдө.

Биргеликте жана биргелешкен аракеттер менен гана терроризм жана экстремизм коркунучуна каршы натыйжалуу күрөшүүгө болот.

Бүгүн мен Мьянмада мусулман коомчулугуна жасалып жаткан мамилеге байланыштуу кырдаал тууралуу эске салбай коё албайм.

Кыргызстан Мьянмадагы этникалык азчылыкка карата зордук-зомбулукту чечкиндүү айыптайт жана кагылышууга катышкан бардык тараптарды кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырат.

Ошондой эле биз бардык дүйнө өлкөлөрүн дүйнөдө тынчтыкты бекемдөө жана бүткүл дүйнөдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо жөнүндө эл аралык конвенциялардын жоболорун сактоого чакырабыз.

Төрага мырза!

Азыркы кездеги чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы турууда БУУнун ролу кыйла өсүп баратканы кубандырат. Бирок Уюмдун мааниси өскөн сайын анын кабыл алынган чечимдер үчүн, дүйнөлүк коомчулуктун тагдыры үчүн жоопкерчилиги да жогорулоодо. Азыр БУУнун коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү иш жүзүндө дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин тагдырын чечип жатат.

Планетанын ар кайсы бурчтарындагы согуш жана тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук маселелери мына ошолордун бир чечимге, бир позицияга жетишүүсүнө көз каранды.

Анын үстүнө БУУнун коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөлөрү кандай гана чечимге болбосун ар дайым тосмо коюп коё алат.

Кыргыз Республикасы мамлекеттердин кыйла көпчүлүгүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен БУУнун коопсуздук Кеңешинин ишин жакшыртуу боюнча зарыл чараларды кабыл алууну жактайт.

Айымдар жана мырзалар!

Дүйнө өнүгүүсү жана трансформацияланышы улана берет, кыйынчылыктар жана кризистер болот, өнүгүүдө далай алга секириктерди жана ийгиликтерди көрөбүз.

Бирок биздин баарыбызды Жер шарында тынчтыкты жана ынтымакты сактоого карай умтулуу бириктирип турат, бул үчүн ар бир өлкөнүн өнүгүүсүнө тең шарттарды бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу зарыл, “эч ким артта калбашы керек”, эч ким өз кыйынчылыктары жана проблемалары менен жалгыз болбошу керек.

Туруктуу өнүгүү Максаттарын, Париж климат келишимин, глобалдуу күн тартибиндеги жана башка макулдашууларды турмушка ашыруу эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттеринин башкы приоритети болуп калышы керек.

Баарыбыз бирге болгондо гана маданий көп түрдүүлүккө багыт алган дүйнөнү;

негизинде санкциялар эмес, диалог турган дүйнөнү;

превентивдүү чараларга жана жогорку жоопкерчиликке таянган дүйнөнү;

эч ким артта калбаган дүйнөнү кура алабыз.

Келгиле, бирге болуп, бирге аракеттенип, Жердеги бардык адамдарга жакшы жашоого, бир аз да болсо бактылуу болууга жардам берели!

Биз бирге болсок, Жер шарындагы бардык адамдар үчүн тынчтыкты жана татыктуу жашоону камсыз кыла алабыз!

Айланайын кыргыз элим!

Урматтуу мекендештерим!

Сөзүмдүн аягында сиздерге кайрылып жатам:

Миң жылдан кийин кыргыз көчү өз жолун тапты.

Бул жолду табыш учун миңдеген аталарыбыз, бабаларыбыз канын, жанын берди. Миңдеген апаларыбыз көз жашын төгүп сокур болду.

"Кыр бар бекен кыргыз сөөгү жатпаган?

Сай бар бекен кыргыз каны акпаган?"

Бир аз күндөн кийин кыргыздар өз ажосун шайлайт.

Кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун!

Кайрадан элдин байлыгы бекер сатылып, жерибиз белек катары берилип, карапайым калк кор болбосун!

Алданбагыла акчага!

Алданбагыла бал сөзгө! Алданбагыла алдамчы көзгө!

Ар намысыбызды сактайлы.

Биримдигибизди сактайлы.

Ата журтубузду сактайлы.

Кыргыз элин сактайлы.

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Бар болгула!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!”.

Пикир

Оставить комментарий