• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент А.Атамбаев Өчпөс отко гүлчамбар койду

Президент 0


Бишкек, 9-май /Роман Гайнанов - Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына арналган эскерүү иш чарасына катышты.

Мамлекет башчы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгондорду эскерип, Өчпөс отко гүлчамбар койду.

Иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, эмгек ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дуйшенбиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий