• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент А.Атамбаев Азаттык Радиосу медиакорпорациясынын президентин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-мартта Эркин Европа Радиосу/Азаттык Радиосу медиакорпорациясынын президенти Томас Кентти анын өтүнүчү боюнча кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Томас Кент Кыргызстан ар дайым региондогу башка өлкөлөрдөн демократияга умтулгандыгы жана сөз эркиндигин урматтагандыгы менен айырмаланаарын белгиледи. “Биз аны көрүп турабыз жана ошондуктан кызматташууну улантууга кызыкдарбыз. Эркин Европа Радиосу/Азаттык Радиосунун Кыргызстанда иштөөдө жакшы тажрыйбасы бар», - деди Томас Кент.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эли үчүн сөз эркиндиги жана адилеттик деген түшүнүктөр ар дайым өзгөчө мааниге ээ болуп келгенин, ал эми бүгүн адам укуктарын жана эркиндигин сыйлаган укуктук, демократиялык мамлекетти куруу жолунда өлкө татаал этапты башынан кечирип жатканын белгиледи.

«Демократиялык коомдун эң маанилүү жетишкендиги болгон сөз эркиндигинин жана ачык-айкындуулуктун азыркы жетишилген деңгээли менен кыргызстандыктар сыймыктанышат жана баалашат,- деди Алмазбек Атамбаев. – Бирок, тилекке каршы, өлкөдө кеңири орун алган пикирди билдирүү эркиндиги жалпыга маалымдоо каражаттарына өзгөчө жоопкерчилик тагаарын баары эле түшүнө беришпейт. Улам күч алып бараткан фейк технологиясы сөз эркиндигинин беделин түшүрүп, кадырын кетирип койбошу үчүн ЖМК чынчыл жана калыс иштеши керек”.

Пикир

Оставить комментарий