• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент А.Атамбаев Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-апрелде Кыргызстанга расмий визит менен келген Ислам Иран Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда эки тарапты кызыктырган чөйрөлөрдө кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, саясый диалогду андан ары өнүктүрүүнүн, банк чөйрөсүндө, инфраструктура жана курулуш, инвестициялар жана соода жаатында кызматташтыктын практикалык кадамдарын ишке ашыруунун зарылдыгы белгиленди.

"Жогорку деӊгээлде өз ара визиттердин болушу жана алардын артынан эки тараптуу байланыштардын жандануусу Кыргызстан менен Иран ортосунда өз ара алака-катыштардын жаңы этабынын күбөсү болуу менен аларды ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды", - деп белгиленет билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий