• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент А.Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Т.Жумакадыровду кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 4-май /Кабар/. Президент А.Атамбаев бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Т.Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына улуттук коопсуздук абалы жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө чаралары тууралуу маалымдалды. Темир Жумакадыров Президентке мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, өлкөнүн укук коргоо тутумундагы реформанын жүрүшү тууралуу билдирди.

Президент А.Атамбаев ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу сыяктуу стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу менен бирге Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өлкөнүн жолдорунда кырсыктарды азайтуу, адамдардын коопсуздугун сактоо боюнча тиешелүү органдардын ишин координациялоого жетиштүү деңгээлде көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий