• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент А.Атамбаев менен ЕЭКтин төрагасы алдыдагы ЖЕЭК жыйынынын күн тартибин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-апрелде Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Кыргызстандын төрагалыгы алдында Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына даярдык иш чаралары тууралу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Тигран Саркисян алдыдагы жыйындын күн тартибин талкуулады. Анда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары биримдик алкагында андан ары экономикалык өз ара аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле эл аралык кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулашат.

Мындан тышкары Евразиялык экономикалык биримдиктин быйылкы жылдагы ишмердигинин пландарын карашат. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин сунушу боюнча 2017-жыл Евразия мейкиндигинде бизнестин өнүгүшүнө эң жагымдуу шарттарды түзүүгө арналат.

Пикир

Оставить комментарий