• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент А.Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга барат

Президент 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Пекин шаарында 2017-жылдын 14-15-майында өтө турган “Бир алкак – бир жол” эл аралык Форумунун ишине катышуу үчүн Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Форумдун ишине катышуу учурунда ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий