• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президент А.Атамбаевдин Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Президент 0

Бишкек, 7-май /Кабар/. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу радио жана байланыш кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Радио байланышы пайда болгондон бери бир кылымдан ашык убакыт өтүп, жыл сайын маалымат жана байланыш технологиялары өркүндөп жатса да, радионун ар бирибиздин күнүмдүк жашообузда бекем орду бар.

Бүгүн радио – жашообуздун эң маанилүү бөлүгү, анын жардамы аркылуу биз дүйнөдөгү, региондогу жана өлкөдөгү жаңылыктарды биринчи угабыз, тез чечимдерди кабыл алабыз, кырсыкка кабылган адамдарды сактоого шашабыз.

Радионун бүгүн да ролу зор, чагылгандай тез кабарларды таратуу менен кошо ар бир адамга, коомго, өлкөгө жаркын маанай тартуулоого тийиш. Анткени, жакшы өзгөрүүлөр жалпы маанайга жараша болот. Ошондуктан, бүгүнкү кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктап жатып, толкунуӊуздардан жаркын кабарлар, көӊүл сергиткен ыр-күүлөр арбын болсун деп айткым келет. Эфирден жаңырган кабарлар, музыка ар бир үйгө кубаныч менен жылуулук алып келсин!

Өнүгүү жолуна бет алган Кыргызстаныбыздын ийгиликтерине сапарлаш, шериктеш болуӊуздар!

Баарыӊыздарга бекем ден соолук, жаркын маанай, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев

Пикир

Оставить комментарий