• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Аймактарды өнүктүрүүдө эң негизги жетишкендик — биз өлкөдөгү каражатты элетке бура алдык

Президент 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. «Аймактарды өнүктүрүүдө эң негизги жетишкендик — биз өлкөдөгү каражатты элетке бура алдык», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы акыркы 2 жыл 7 айдын жыйынтыгы менен 68,8 млрд сомдон ашык каражат кредит жана кепилдик катары берилгендигин, бул жакшы көрсөткүч экенин белгиледи.

«Азыркы тапта аймактагылар мурдагыдай келип, каражат алуу үчүн каржы мекемелерин издеп, эшиктерин такылдатып турбайт. Биз буга дагы жетиштик. Мен өзүм да көзөмөлдөп жатам. Азыр ошол банктар, фонддор, сырттан келген донорлор аймактарга барып, „долбоорлор барбы, иштей тургандар барбы, мына ушуларга акча берели“ дегенге жетиштик. Ушуну менен эле баары бүтүп кетти деп айтпайм. Албетте, дагы маселелер, кемчиликтер бар. Аларды бара-бара оңдойбуз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент берилип жаткан кредиттердин көлөмү жыл сайын өсүп жатканын, буюрса, мындан да көбөйөрүн белгиледи.

«Азыр күч-аракеттерибиздин баары кредиттерди айрыкча, чакан жана орто бизнеске, ишкерлерге көбөйтүп берүүгө багытталган. Ушундай каражаттарды бургандан кийин аймактарда жыл сайын ишкерлик кылган адамдардын саны көбөйө баштады. Дагы айтып кетейин, региондордо иштеп жаткан чакан жана орто ишканалардын саны 2017-жылы 3727 болсо, 2018-жылы — 4051 түздү. Бүгүнкү күндө алардын саны 4421ге жетти», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков кайсы багытта ишкерлик кыларына карабастан, аймактарда ишкана ачам, жумуш орундарын түзөм дегендердин баарына каражат бөлүнөрүн баса белгиледи. Ошондой эле «Кепилдик фонд» дагы уставдык фондун көбөйткөнүн, ал дагы аймактардагы ишкерлерге, күрөөгө койгонго негизги каражаттары жетпегендерге каражат бере баштарын эске салды.

Дагы бир жетишкендик катары ал салык боюнча дагы абдан көп жеңилдиктер берилгенин атады.

«5 жылга чейин аймактарда жаңы ачылган ишканаларга салык салынбайт. Сырттан келген жабдууларга, логистикалык борборлорго, трактор-машина парктарына, кооперативдерге салыктын 4 түрү алынып салынды. КНСтин 80%ы алынып салынды. Азыркы салыктагы берилип жаткан жеңилдиктер, каражаттар, ишкерлерге түзүлгөн шарттар, буйруса, аймактарды өнүктүрөт. Сырткы-ички миграция да токтой баштайт», — деп белгиледи Президент.

Пикир

Оставить комментарий