• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусун жана ата-энесин сыйлады

Президент 0


Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуНурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага КР президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Андан тышкары, президент Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батир белек кылган болчу.

Мамлекет башчысы бүгүн Тыныбекованы, машыктыруучусун жана ата-энесин кабыл алып, Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында аялдар күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

Айсулуу Тыныбекова президентке, жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн рахматын айтып, бул жеңишин өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арнаганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий