• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Айт намазга катышты

Президент 0

Бишкек, 01.09.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-сентябрда өлкөнүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде Курман айтка карата майрамдык айт-намазга катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Андан кийин Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди. Ошондой эле Президент «Ата-Бейит» комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондорун Мемориалына барып, куран окутууга катышты.

Пикир

Оставить комментарий