• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент: Айыл чарба багытындагы жеңилдетилген насыя берүүгө 26 млрд сом бөлүнгөн

Президент 0

Бишкек, 22.02.2. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда дыйкандарга кайрылган.

"Урматтуу кыргызстандыктар, дыйкандар жана фермерлер!

“Жаздын бир күнү бир жылга тете” деген накыл сөз талаа иштеринин маанилүүлүгүн так-таасын туюнтары талашсыз. “Жаз жарыш” деп убакытты текке кетирбей, жабыла жер айдоого өткөн эмгекчил элибиз да бул сөздүн маанисин жакшы билет. Жазгы талаа иштерин ойдогудай өтүшү сөзсүз түрдө каражат жумшоо менен коштолору турган иш. Мамлекет дыйкандарыбызга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип баштадык.

Жакындан бери 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан насыя ала баштадыңыздар. Бул насыяларды “Айыл банк”, РСК жана “Керемет банк” өкмөттүк банктар аркылуу берип жатабыз. Жалпысынан айыл чарба багытына арнап, жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун ичинде 1,5 миллиард сом үрөн сатып алууга, 1 миллиард сом ирригация тутумун жакшыртууга, калганы дыйкандар менен фермерлерге 3 жылдык мөөнөткө насыя берүү үчүн бөлүндү.

Жакындан бери үрөндүн алды келе баштады. Жалпысынан 16 миң тонна жогорку сапаттагы үрөн сатылып алынды. Бул үрөндөр мурда карызы бары-жогуна карабастан, дыйкандарга 4,5 пайыздык үстөгү менен 2 жылдык мөөнөткө берилип жатат.

Дагы бир баса белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын эле. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машина сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр. Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбастан “бирди эки, экини үч кылып алганга” жетишсеңиздер жакшы болот эле. “Алмайдын бермейи бар” дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар!

Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгү насыя алуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Бул акчаларга завод-фабрикаларды куралы деген сунуштар болду. Бирок завод-фабрикаларды ишке киргизүү үчүн 3-4 жыл убакыт керек болот. Ошондуктан былтыркы таза кирешени дыйкандар менен фермерлерге берели деген чечим кабыл алдык. Себеби сиздер быйыл мол түшүм алып, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууңуздар керек.

Биринчи кезекте, элдин курсагы тоюш керек жана тамак-аш коопсуздугу камсыз болуш керек. Алган түшүмүңөр сатылбай калбайт. Өкмөт тараптан ар тараптуу жардам берилет.

Ал эми завод-фабрикаларды курганга, Кудай буюрса, быйылкы кирешелерибизди жумшайбыз.

Баарыңыздарга ийгилик каалайм!

Кудай колдоп, күч-кубат берип, түшүмүңөр мол болсун!".

Пикир

Оставить комментарий