• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент ак ниет ишкерлердин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди

Президент 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада ак ниет ишкерлердин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларынын алдындагы өз сөзүндө ишкерлердин ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

«Өз маалында мамлекет дагы силерге көңүл буруп, колдоп-коштоп, тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатат. Мындай аракеттерибиз менен бирге дагы бир жакшы саамалыкты жарыялап коеюн. Мен Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча Жарлыкка кол койдум.

Жарлыктын негизинде „Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери“ наамы киргизилип жатат. Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP-залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер президенттин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет», — деди Садыр Жапаров.

Ал азыркы учурда өлкөдө 700 миңден ашуун салык төлөөчү бар экендигин, алардын ичинен 3 миңге жакын салык төлөөчү, же ишкерлерибиз мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берерин белгиледи. Ага кошумча ал ишкерлерибиз жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда.

«Бүгүн биз талыкпаган эмгеги аркылуу өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон, өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жетүүгө, экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга көмөктөшкөн Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнө, ишкерлерине да ыраазычылык билдире кетейин!», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий