• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент актер Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлдү

Коом 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна каражат бөлдү. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

"Ыкчам жооп бергениңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Бир нече саат мурун мен сизге КРнын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди куткарып калуу өтүнүчү менен кайрылсам, бир сааттан кийин сиздин атыңыздан ооруканага 42 миң доллар жөнөтүлдү.

Бүткүл өлкө ден соолугуна тынчсызданып жаткан таланттуу актердун куткарылышына көңүл буруп, кам көрүп жатканыңыз үчүн рахмат", - деп жазган ал.

Буга чейин Ассоль Молдокматова актёр ооруканада оор абалда экенин жана ага тез арада боорун алмаштыруу операциясы керектигин айткан. Кийин анын дарылануусуна акча чогултуу үчүн атайын эсеп ачылган.

Пикир

Оставить комментарий