• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент “Алга-Бишкек” балдар хоккей командасын Barrington Ice Arena Кубогун жеңиши менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 06.12.17. /Кабар/. КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Алга-Бишкек” балдар хоккей командасына Barrington Ice Arena Кубогун жеңиши менен куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу кичинекей достор, ардактуу ата-энелер жана машыктыруучулар!

Сиздерди Америка Кошмо Штатынын Чикаго шаарында жеткинчектер арасында өткөн Barrington Ice Arena хоккей таймашынын кубогунун чемпиону болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм!

Ат жалында, шамал менен тең жарышып өскөн көчмөн элинин келечек жигиттери керемет оюнду көрсөтүштү. Мындай эр азамат жигиттер жалпы элибиздин сыймыгы!

Албетте, бул жеңиште ата-энелер менен уюштуруучу, машыктыруулардын эмгеги зор! Ушул саамалык жалпыбызды дагы бир ирет балдарыбыз үчүн сыймыктанууну жаратып, мекенди коргоо, намысыбызды бийик тутуу сезимдерин күчөттү деп ойлойм. Мындан ары дагы бийик максаттарды багындырууңарга тилектешмин!

Жеңүүчүлөрдү байгелери менен чын дилимден куттуктап, кубанычтуу күнү ардактуу досторубузду Жаңы жылдык Президенттик балатыга чакырам!

Жергебизде спортту сүйгөн жаңы муундун келечеги кең болуп, тынчтыкта жана бакубаттыкта өсө беришсин!”.

Пикир

Оставить комментарий