• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Президент 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуяларынын учурунда курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы Бишкек шаарынын борбордук аянтында жайгашкан 2002-жылы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн жана 2010-жыл Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналган Монументке гүл койду.

Гүл коюу аземи 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында болгон трагедиялуу окуялардын 15 жылдыгына карата өттү.

Пикир

Оставить комментарий