• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Алмазбек Атамбаев: "Учак кыйрашынан жапа чеккен бир дагы адам мамлекеттин көңүл сыртында калууга тийиш эмес"

Президент 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-февралда өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алып, Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ конушунда жүк ташуучу «Боинг-747» учагынын кыйрашынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге жардам берүү боюнча Өкмөттүн маалыматын укту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына Дача СУ конушунда трагедиянын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери тууралу маалымат берилди. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жапа чеккендерди утурумдук турак-жай, зарыл медициналык жардам жана дары-дармек менен камсыздоо, балдарды социалдык коргоо, алардын окуусун уюштуруу жөнүндө сөз болду.

Мухамметкалый Абулгазиев андан тышкары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге укуктук жана материалдык жардам берүү, чыгымдарды өндүрүү жагында колдоо көрсөтүү маселелеринин чечилиши тууралу Президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев бул каргашанын кесепети тийген бардык жарандарга жардам берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүүнү улантуу зарылдыгын баса белгиледи. Президенттин сөзү боюнча, бир дагы адам мамлекеттин көӊүл сыртында калууга тийиш эмес.

Пикир

Оставить комментарий