• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев Чоң-Таш айылындагы мектептин жаңы имаратын ачуу аземине катышты

Президент 0

Бишкек, 01.09.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-сентябрда, Билим күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында Сүймөнкул Чокморов атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы салтанаттын катышуучуларын кош майрамы менен куттуктап, быйыл Билим күнү Курман айт майрамына туш келгени жакшы жышаан экендигин белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев Исламда билим баарынан жогору коюлаарын баса белгиледи. “Айрымдар өздөрүн мусулман деп эсептегени менен жадагалса Исламдын негиздерин билишпейт. Мухамед пайгамбарга жөнөтүлгөн биринчи аяттын биринчи сөзүндө “Оку!” деп айтылат”, -деп Президент илимге арналган бир саат түнү менен намаз окуганга барабар экендигин эскертип өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев динди эч качан Жараткандан жогору койгонго болбостугун, ар дайым билимге умтулуп, маданиятты дин менен чаташтырбаш керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларга, мектептердин курулуштарына токтолду. “Биз билимди баарынан жогору коюшубуз керек. Бизде нефти жана газ жок, биздин келечегибиз – элибиз, биздин балдарыбыз. Биз бюджеттин 24% билим берүүгө жумшап жатабыз, анткени бул мезгил талабы. Азыркы тил айтканда Кыргызстандын фишкасы - билимдүү креативдүү адамдар, жаңы муун. Акыркы жылдардын аралыгында Кыргызстандын билим берүү системасы алдыга катуу секирик жасады. Мындан ары дагы билим берүүгө ушундай мамиле жасаш керек”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Президент акыркы жылдары өлкөдө жүздөгөн мектептер курулганын, жылдын аягына чейин Кыргызстандагы бардык авариялык мектептерди оңдоп бүтүрүү болжолдонуп жаткандыгын белгиледи. Мектептерде интернет, заманбап окуу китептери жана жаңы программа дагы болот. “Эң негизгиси – 25 жылдын аралыгында биринчи жолу мугалимдердин орточо айлыгын өлкөдөгү орточо айлыкка теңегенге жетиштик”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Чоң-Таш апасынын туулган айылы экендигин белгилеп, анын калыптанышына энеси зор милдет өтөгөндүгүн кошумчалады. “ Менин окуп, жакшы билим алышыма апамдын эмгеги зор”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы мектептин жаңы имараты менен таанышып, окуу кабинеттерин жана спортзалды көрүп чыкты жана мектепке интерактивдүү доска менен жаңы окуу китептерин белекке тапшырды.

Маалымдама: Чоң-Таш айылындагы мектеп 1929-жылы ачылган. 1983-жылы жаңы имарат курулуп, толук эмес орто мектеп түзүлгөн. 1993-жылы мектепке Кыргыз эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун ысымы ыйгарылган.

Өткөн жылдын сентябрь айында Президент Алмазбек Атамбаев мектепке барып, жолугушуунун жүрүшүндө айылдын эли спорт залы бар мектептин жаңы имаратын куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ушундан улам Мамлекет башчысы Өкмөткө тиешелүү тапшырма берген.

Мектептин жаңы имаратында лабораториялар, китепкана, спорт зал, душтар жана спорттук аянтчалар бар.

Пикир

Оставить комментарий