• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Алмазбек Атамбаев «Дастан» заводунда болду

Президент 0


Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-июнда, «Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунда болду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы ишкананын ишмердиги менен таанышып, өндүрүш жайларын кыдырып, заводдо чыгарылган атайын продукциялардын, ошондой эле медициналык техниканын жана эл кеңири керектөөчү товарлардын үлгүлөрүн көрүп чыкты.

“Дастан” ТНК ААК башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев Президентке заводдун азыркы жумуштары жана жүгүртүүдөгү каражаттардын тартыштыгына байланыштуу кыйынчылыктарды эске алуу менен технологиялык процессти модернизациялоо боюнча алдыдагы милдеттер туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев “Дастан” заводунун ишмердигинин маанисин, ишкананын чет өлкөлөргө экспорттоп жаткан продукциялардын сейректигин баса белгилеп, кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго ишканага өндүрүш процессин модернизациялоого кредиттик каражаттарды бөлүп берүү маселесине көмөктөшүү боюнча тапшырма берди.

Өнүктүрүү фондунун каражаттары ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, экспортко багытталган продукция чыгаруучу өндүрүштү модернизациялоого жана заводдун атаандашуу жөндөмүн арттырууга көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий