• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюс» телеканалына интервью берди

Президент 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-февралда Бельгия Королдугуна жумушчу сапарынын алкагында «Евроньюс» телеканалына интервью берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Интервьюнун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстанда ар кайсы чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөш, терроризмге бөгөт коюу, диний кырдаал, өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуусу тууралуу кеп салды.

Андан тышкары Алмазбек Атамбаев журналисттердин быйыл боло турган президенттик шайлоолор, Кыргызстандын чет жердик өнөктөр, анын ичинде Европа Биримдиги менен мамилелеринин абалы жана келечеги тууралу суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий