• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

А.Атамбаевге быйылкы жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берилди

Президент 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-апрелде өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда быйылкы жылга республикалык бюджеттин аткарылыш маселелери, бюджеттик саясаттын негизги багыттары, ошондой эле мамлекеттик казынанын киреше бөлүгүн чыңдоо чаралары талкууланды.

Адылбек Касымалиев бюджеттик процесстердин натыйжалуулугун арттыруу жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу Президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев бюджеттик саясатты алдын ала көрүү жагын арттыруу, бюджеттин тең салмактуулугун камсыздоо жана улуттук экономиканын өсүш темптерин арттыруу үчүн фискалдык саясатты жакшыртуу чараларын ишке ашыруунун маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы андан тышкары калкты социалдык камсыздоо чөйрөсүндө милдеттерди өз маалында ишке ашыруу зарылдыгына министрдин көңүлүн бурду.

Пикир

Оставить комментарий