• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедовду кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстан Президентинин постуна кайра шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Бүгүн Түркмөнстан эли Сизге жана мамлекеттин жаратмандык саясый жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жетүү боюнча Сиз белгилеген багытка болгон өзгөчө ишенимин кайрадан бекемдеди.

Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстан ортосундагы достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык биздин элдердин кызыкчылыктарын улай андан ары да жандуу өнүгө берет деген ишенимди билдирем», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган Президент Гурбангулы Бердымухамедовго бекем ден соолук, бакты-таалай, бакубаттык, жооптуу мамлекеттик ишине чоӊ ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий