• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Алмазбек Атамбаев ӨКМ башчысы К.Бороновду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-мартта, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кубатбек Боронов 4 үйдү басып калган жана бир үй-бүлөнүн курман болушуна алып келген жер көчкү болгон Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Президентке баяндап берди. Министрдин айтымында, азыркы кезде куткаруучулардын күчү менен жашоого коркунучтуу аймактардын тургундары коопсуз райондорго көчүрүлдү, ал эми тоо породаларынын жылышы дагы эле уланып жаткандыктан издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду.

Министр ошондой эле Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө түзүлгөн оор кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү жана жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да Мамлекет башчысына маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар ведомствосуна жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Андан тышкары, калк арасында түшүндүрүү-маалымдоо иштерин күчөтүү менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн ал кырсыктарды болтурбоо боюнча чаралардын комплексин өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылышы зарыл.

Пикир

Оставить комментарий